1978-жылдан бери 18-май Эл аралык музей күнү катары дүйнөнүн 150гө жакын өлкөсүндө белгиленип келет. Бул күнү дүйнө жүзү боюнча көптөгөн музейлер бардык каалоочуларга өздөрүнүн эшиктерин эң кызыктуу форматта ачышат.

Ольга Мануйлованын мемориалдык үй-музейи шаардыктарды музыкалык мектептердин студенттеринин чын жүрөктөн чыккан концерти менен куттуктап, жайлуу короонун ичинде арт-терапия дүйнөсү ачылды.

Мемориалдык музейлердин бириккен дирекциясынын кызматкерлери шаардыктардын чыгармачылыгына керектүү нерселердин барын, ал тургай, Музейлер түнүнүн катышуучулары келечектеги шедеврлердин прототиби болуп, өзүлөрү бир нерсе жасашы үчүн  чопону дагы даярдашты.

Биринчи жолу Гапар Айтиевдин музей-устаканасына сүрөтчүнүн сейрек кездешүүчү сүрөттөрү коюлду, кызматкерлер советтик кинонун актерлору жашашы керек болгон имараттын тарыхын жана Кыргыз эл баатыры Кулийпа Кондучалова сүрөтчүлөргө кандай жардам бергенин айтып беришти.

Семён Чуйковдун мемориалдык үй-музейинде тынч жана сыйкырдуу болду. Себеби ал жакта сүрөт тартуу боюнча мастер-класстын катышуучулары иштеп жатышкан, үй-музейдин директору үй сүрөтчүнүн байгесине сатылып алынып, андан кийин жалпы Кыргызстандыктарга белек катары берилгенин айтып берди.

Аалы Токомбаевдин мемориалдык үй - музейи чыгармачылыктын сырларынын кайталангыс атмосферасында болуп дагы бир жолу кубандырды. Келгендер акындын конок дасторконуна отуруп, жада калса үй ээлери менен даамдуу чай ичишти.

Бишкек шаарынын мэриясы мемориалдык музейлеринин биргелешкен башкаруусунун кызматкерине чын жүрөктөн ыраазычылыгыбызды билдиребиз.