Бишкек шаарынын мэриясы "Алтын-Ордо" конушунун Алтын-Ордо 9 көчөсүндө жаңы мектептин курулушун баштагандыгын кубануу менен билдиребиз.

Мектептин имаратынын пайдубалына капсуланы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Улукбек Марипов жана Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов салды.

Жаңы билим берүү уюму 480 окуучуга ылайыкталган. Үч кабаттуу имарат 1,38 гектар аянтты ээлейт.

Долбоорго ылайык, биринчи блокто – окуу класстары, даярдоочу класс, медициналык кабинет, методикалык кабинет, техникалык бөлмө, эмдөөчү кабинет, ал эми экинчи жана үчүнчү блокто- окуу залы, спорттук, сурап-маалымат алуучу жана салтанат залдары каралган.

Белгилей кетсек, "Алтын-Ордо" конушу 2005-жылы түзүлгөн, анда 6 миң 400 адам жашайт, 2 миң 280 окуучу.

Мектептин курулушуна тендер Коомдук-мамлекеттик капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан өткөрүлдү.

Андан кийин Улукбек Марипов жана Бактыбек Кудайбергенов Сухэ-Батор көчөсүнүн Каралаев көчөсүнөн  Шабдан Баатыр көчөсүнө чейинки жолду оңдоо жана Аламүдүн суусу аркылуу өтүүчү көпүрөнүн курулуш иштери менен таанышты.

Бул жолдун курулушу Ахунбаев жана Токомбаев көчөлөрүндө, ошондой эле Токомбаев жана 7-апрель көчөлөрүнүн кесилишинде унаа кыймылын жүрүшүн жеңилдетет.

Белгилей кетсек, курулуш иштери аяктагандан кийин айдоочулар Каралаев көчөсүнөн Ш.Баатыр көчөсүнө чейин Ботаникалык бакты айланыбастан түз өтө алышат.

Курулуш иштери Кытай Эл Республикасынын гранттык каражатына "Бишкек шаарынын көчө-жол тармагын өнүктүрүү" долбоорунун  экинчи фазасынын алкагында жүргүзүлүүдө. Оңдоо иштерин мэриянын Капиталдык курулуш башкармалыгынын тапшырыгы менен  China Road and Bridge Corporation кытайлык бөдрөтчү компания аткарууда.