Борбор калаанын мэриясынын жыйындар залында Кыргыз Республикасынын Финансы жана экономика кызматкерлеринин күнүнө карата сыйлык тапшыруу аземи болуп өттү.

Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри Алмаз Бакетаев финансисттерди куттуктап, ак ниет жана үзүрлүү эмгеги  үчүн ыраазычылык каттарын жана ардак грамоталарын тапшырды.

Бишкек шаарынын мэриясынын 2016-жылдын 10-августундагы №95 токтому менен бекитилген Бишкек шаарынын мэриясынын сыйлыктары жөнүндө Жобого ылайык, Кыргыз Республикасынын финансы-экономикалык кызматкерлеринин күнүн белгилөөгө карата, Бишкек шаардык мэриясынын ыраазычылык каты менен төмөнкүлөр сыйланды:

Ажикулов Эрлан Замирбекович- Кыргыз Республикасынын Экономика жана каржы министрлигинин тышкы байланыштар бөлүмүнүн башкы адиси;

Айткулова Алия Аскербаевна - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Свердлов райондук башкармалыгынын казына бөлүмүнүн башкы адиси;

Асылбаева Чынгыз Канатбекович - Бишкек шаардык мэриясынын экономика жана инвестиция бөлүмүнүн өнүгүүгө мониторинг жүргүзүү бөлүмүнүн башкы адисинин милдетин аткаруучу;

Джапарова Жазгүл Бектурсуновна - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Биринчи май башкармалыгынын жетектөөчү адиси;

Итенова Надира Муратбековна - Бишкек шаарынын мэриясынын экономика жана инвестиция бөлүмүн өнүктүрүү боюнча Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жеке өнөктөштүгүн өнүктүрүү бөлүмүнүн башкы адиси;

Кочорову Аида Алимжановна - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Октябрь башкармалыгынын жетектөөчү адиси;

Муканбетова Шера Саринжиевич - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Бишкек башкармалыгынын Казына бөлүмүнүн адиси;

Бишкек шаарынын мэриясынын Ардак грамотасы төмөнкүлөргө тапшырылды:

Айдарбекова Салтанат Рысбаевна - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Биринчи май башкармалыгынын башкы адиси;

Мамасыдыков Нурбек Бекболотович - Кыргыз Республикасынын Экономика жана Финансы министрлигинин Мамлекеттик инвестициялар программасынын бөлүм башчысы;

Мусаева Мирлан Мусаевич - Кыргыз Республикасынын Экономика жана Финансы министрлигинин Бюджеттер аралык байланыштар бөлүмүнүн башчысы;

Омуралиева Айгүл Укубаевна - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Октябрь бөлүмүнүн башчысы;

Салымбаева Надира Керимкуловна - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Свердлов райондук башкармалыгынын казына бөлүмүнүн башкы адиси.

Борбор калаанын экономикасын жана кесипкөйлүгүн өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн төмөнкүлөр ыраазычылык каттарын алышты:

Абдразакова Анара Марлисовна - "Wow Kei Gi TOUR" ЖЧКсынын негиздөөчүсү;

Акматов Сталбек Темирбекович - "Кыргыз Республикасынын Зергерлер жана Ишкерлер Союзу" Юридикалык жактар ассоциациясынын президенти;

Долосбаева Айнакүл Алымовна - «Аудит Кей Джи» ЖЧКсынын негиздөөчүсү;

Ускенбаева Гульнара Тураровна -"Жабдуучулар ассоциациясы" юридикалык жактар ассоциациясынын президенти;

«Кока-Кола Бишкек Боттлерс» ЖАК;

«Кей энд Эй Лигал» ЖЧК.