Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов көчөттөрдү отургузууга катышты.  Иш-чара "Ынтымак-2" паркында болуп өттү.

"Керемет" банкы шаарга алтымыш жаш көчөттөрдү белек кылды. Булар 29 жаш жалбырактуу чынар жана 31 майда жалбырактуу липа  дарагы.

Калаа башчысынын милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов шаарга берген белеги жана борбор шаарыбызды жашылдандырууга кошкон салымы үчүн Керемет Банктын жетекчилигине ыраазычылыгын билдирди.

«Бак-дарактар парктын көркүнө айланып, кооздугу менен бардык конокторду кубантары шексиз. Бишкек шаарынын мэриясы борбор шаарыбыздын өнүгүп-өсүшүнө багытталган демилгелерди колдоого даяр экендигин белгилегим келет! " - деди мэр.

"Бишкекжашылчарба" муниципалдык ишканасынын  адистеринин көрсөтмөсүнөн кийин мэрдин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов,   «Керемет Банк» ААК башкармалыгынын төрагасы Токтогул Рысбек көчөттөрдү отургузууга катышты.

Көчөттөр "Бишкекбашкыархитектура" ишканасы тарабынан иштелип чыккан дендропланга ылайык отургузулду.