2-июнда Бишкекте 50 жаңы автобус линияга чыкты. Биринчи сапарга автобустарды борбор калаанын мэринин милдетин аткаруучу Кудайбергенов Бактыбек Жапарович жөнөттү.

Автобустардын узундугу 6,9 метр, 2 эшиктүү, жүргүнчүлөрдүн сыйымдуулугу - 38 адам, 16 орундуу.

Бишкек шаардык мэриясынын шаардык транспорт башкармалыгы жаңы автобустардын каттам схемаларын иштеп чыкты. Эми Өзбекстандын өндүрүшүндөгү япониялык ISUZU брендинин жаңы автобустары төмөнкү схемалар боюнча жүрөт:

- №10-маршрут: «Ак-Ордо» жаңы конушу – айлампа»;
- №11-маршрут: «Ак-Ордо» жаңы конушу – айлампа»;
- №12-маршрут: «Маевка айылы – «Кок-Жар» айылы;
- №13-маршрут: «Муромская көчөсү – «Кырман» жаңы конушу;
- №14-маршрут: «№12 кичирайону – «Ак-Ордо» жаңы конушу.

Ата мекендик "Эко Жүргүнчү Унаа" ЖЧКсы билдиргендей, аталган автобустар 1 жума жүргүнчүлөрдү акысыз ташыйт. Бул акция шаардыктар жана борбор калаанын коноктору үчүн белек.

Эске салсак, 2021-жылы “Самарканддагы автомобиль заводу” ЖЧКсынын өкүлдөрү менен Япониянын ISUZU брендинин экологиялык таза автобустарын алып келүү маселеси иштелип чыккан.

Үстүбүздөгү жылдын 11-майында  Шаардык транспорт башкармалыгы менен "Эко жүргүнчүлөрдү ташуу" ЖЧКнын ортосунда 2021 - 2023-жылдарга (аутсорсинг) 1000 автобус алып келүү жөнүндөгү меморандумга кол коюлган.

Ушул жылдын эле 4-июнунда меморандумдун негизинде шаардык транспорт башкармалыгы менен “Эко Жүргүнчү унаа” ЖЧКнын ортосунда биринчи автобустарды алып келүү боюнча эки тараптуу келишимге кол коюлду.

"Эко Жүргүнчү унаа" ЖЧКсынын директорунун айтымында, аталган 50 автобус Бишкек шаарынын мэриясынын суранычы боюнча, коомдук транспорттогу жүргүнчүлөрдүн санын азайтуу максатында пайдаланууга берилген, бул өз кезегинде коронавирустук инфекциясынын жайлышын азайтат.

Бул автобустар дизелдик күйүүчү май менен иштегендиктен тез арада ишке киргизилген, калган автобустар жеткирилгенден кийин газ менен жүрүүчү автобустарга алмаштырылат.

Белгилей кетсек, газ менен жүрүүчү автобустардын биринчи партиясы баш калаага ушул жылдын 1-июлуна чейин келет, калган автобустарды октябрь айына чейин жеткирүү пландаштырылууда.