Бишкек ЖЭБинин адистери маалымдагандай, 2021-2022- жылдарында күз-кыш мезгилин ийгиликтүү өткөрүү үчүн Бишкек шаарын ишенимдүү жана үзгүлтүксүз жылуулук жана электр энергиясы менен камсыздоо үчүн ЖЭБ жабдууларды, имараттарды жана курулмаларды оңдоону камтыган пландуу оңдоо иштерин жүргүзүлөт.

2021-жылы жабдууларды оңдоонун негизги графигине ылайык, буу казандарынын орточо учурдагы оңдоо иштери пландаштырылган.
Жылытуу мезгилинде шаарды ысык суу менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу үчүн Бишкек шаарынын ЖЭБде жылытуучу жабдуулардын оңдоо иштери жүргүзүлдү.

Маалымат үчүн: Бишкек шаарындагы ЖЭБ Кыргызстандын түндүгүндөгү электр энергиясын өндүрүүнүн бирден-бир негизги булагы болуп саналат, ал күнүнө 11 миллион кВт.саатка чейин электр энергиясын өндүрө алат.

Жалпысынан ал продукциянын 4 түрүн - электр энергиясын, жылуулук энергиясын, ысык суу жана буу чыгарат.