25-июнда А.Малдыбаев атындагы Кыргыз Улуттук академиялык опера жана балет театрында борбор калаанын билим берүү уюмдарынын 11-классынын бүтүрүүчүлөрүнө өзгөчө үлгүдөгү "Алтын тамга" сертификаттарын тапшыруу аземи өттү.

Быйылкы окуу жылында 99 бүтүрүүчү "алтын медалдын ээси" болушту.

Борбор калаанын мэринин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов ийгиликтүү бүтүрүүчүлөрдү куттуктап, аларга аттестаттарды жана акылдуу сааттарды  тапшырды.

Ал эми бүтүрүүчүлөр шаар башчысына өз колу менен жасаган белекти - сүйүктүү борборубуздун символу катары кийизден жасалган илбирстин сүрөтүн тартуулашты.

Иш-чара бардык санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди сактоо менен өттү.

Бишкек шаарынын мэриясы бүтүрүүчүлөрдү, мугалимдерди жана алардын ата-энелерин чын жүрөктөн куттуктайт жана аларга  ийгиликтерди каалайт!