26-июнда "Кара-Жыгач" конушунда жаңы бала бакчанын пайдубалына капсула салуу аземи болуп өттү.

Иш-чарага  борбордун мэринин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов, КРнын Билим берүү жана илим министри Болотбек Купешев жана турак жай конушунун тургундары катышты.

Исакеев жана Кара-Жыгач көчөлөрүнүн кесилишинде жаңы мектепке чейинки билим берүү мекемесин куруу пландалууда. Эки кабаттуу имарат Бишкек шаарынын 140 кичинекей тургундарын батыра алат.

Биринчи кабатта оюн бөлмөлөрү, ашкана,  уктоочу бөлмөлөр, жуунучу бөлмөлөр, техникалык бөлмөлөр, кабыл алуу бөлмөлөрү болот. Экинчи кабатта музыкалык гимнастикалык зал, усулдук кабинет, оюн бөлмөлөрү, ашкана, кабыл алуу бөлмөлөрү, сактоочу бөлмөлөр жана техникалык бөлмөлөр жайгаштырылат.

Курулушту тендердин жеңүүчүсү - "Олимп и КО" ЖЧКсы жүргүзөт.

Белгилей кетсек, быйыл муниципалитет беш бала бакча жана беш орто мектептин курулушун баштоону пландап жатат.