Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри Жамалбек Ырсалиев борбордун куткаруучуларын кесиптик майрамы менен куттуктап, сыйлыктарды тапшырды.

Кыргыз Республикасынын Куткаруу кызматынын кызматкерлеринин күнүн майрамдоонун урматына, ак ниет жана жемиштүү иштегендиги үчүн  борбор калаанын мэриясынын ыраазычылык каты төмөнкү кызматкерлерге тапшырылды:

- Абдыразаков Азим Капарбековичге - Бишкек шаарынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин административдик-экономикалык бөлүмүнүн башчысы;
- Кабыкеев Жылдыз Кудайбергеновнага - Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Бишкек шаары боюнча жарандык коргонуу бөлүмүнүн башкы адиси;
- лейтенант Анарбекова Айзат Анарбековнага - Бишкек шаарынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин укуктук камсыздоо бөлүмүнүн тарбия иштери бөлүмүнүн башчысы;
- прапорщик Идрисова Альбина Асылбековнага - Бишкек шаарынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин материалдык-техникалык камсыздоо бөлүмүнүн жооптуу аткаруучусу;
- ага лейтенант Байгазиева Салтанат Байгазиевнага - Бишкек шаарынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин  Ленин районундагы өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынын калкты жана аймакты коргоо бөлүмүнүн кызматкери;
- ага лейтенант Төлөгөнов Эркин Төлөгөновичке - Бишкек шаарынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Биринчи май району боюнча Өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынын өрт өчүрүү жана алдын алуу бөлүмүнүн ага офицери;
- ага сержант Мамышев Жаныбек Рахымбековичке - Бишкек шаарынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Октябрь районундагы Өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынын №7- өрт-куткаруу бөлүмүнүн ага өрт өчүрүүчү-куткаруучусу.

Бишкек шаарынын мэриясынын Ардак грамотасы менен:

- Кабулов Азамат Каныбекович - Бишкек шаарынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин финансылык эсеп секторунун башкы адиси;
- капитан Турусбеков Рысбек Кылычбекович - Бишкек шаарынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Октябрь районундагы Өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынын №5- өрт-куткаруу бөлүмүнүн кароолунун жетекчиси;
- капитан Курмушеев Азамат Момбекович - Бишкек шаарынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Биринчи май районундагы Өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынын №4- өрт-куткаруу бөлүмүнүн башчысы;
- майор Абдыкадырова Толкунай Данилбековна - Бишкек шаардык Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өрткө каршы күрөшүү, алдын алуу жана куткаруу иштери бөлүмүнүн кызматкери;
- майор Осмоналиев Рустам Джанчарханович - Бишкек шаарынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин ыкчам нөөмөт бөлүмүнүн кезметчиси;
- подполковник Жумуков Чынгыз Ташынович - Бишкек шаарынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Свердлов районунун Өрткө каршы күрөшүү, алдын алуу жана куткаруу иштери бөлүмүнүн башчысы;
- Сагынбаев Тимур Чоюнбекович - Бишкек шаарынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Октябрь районундагы Өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынын Жарандык коргонуу бөлүмүнүн башкы адиси;
- ага лейтенант Саткеев Самат Тоялыевич - Бишкек шаарынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ленин районундагы өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынын кызматкеринин №6- өрт-куткаруу бөлүмүнүн башчысы;
- Уркунчиева Чинара Жоошбековна - Бишкек шаарынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кадрлар бөлүмүнүн башкы адиси.

Бишкек шаарынын мэриясы куткаруучуларды кесиптик майрамы менен куттуктап, чың ден-соолук жана бакубат жашоо каалайт.