Бишкек шаарынын мэриясынын жыйындар залында  медицина кызматкерлерин сыйлоо аземи өткөрүлдү.

Калаа башчысы медицина кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктап, кароо-сынакта жеңишке жеткендиги үчүн Ардак грамоталарды, Ыраазычылык каттарды жана акчалай сыйлыктарды тапшырды.

Бишкек шаарынын саламаттыкты сактоо уюмдарынын арасында "2021-жылдын мыкты медициналык жамааты" наамы үчүн сынак Бишкек шаарынын мэриясынын шаардык саламаттыкты сактоо башкармалыгы тарабынан өткөрүлгөн.

Бишкектеги үй-бүлөлүк медицина борборлорунун арасында "2021-жылдын мыкты медициналык жамааты" номинациясында Свердлов районунун БҮМБнун №8 ҮМБ жана Биринчи май районунун БҮМБнун жамааты биринчи орунду багыдырып, 150 миң сомдон сыйлык алышты. Экинчи орун үчүн 100 миң сомдук сертификат Свердлов районунун БҮМБнун №4 ҮМБга тапшырылды.

Бишкектеги ооруканалардын арасында "2021-жылдын мыкты медициналык жамааты" наамы үчүн 250 миң сомдук сертификат менен биринчи орун Бишкек шаарынын №1 шаардык клиникалык ооруканасына, экинчи орунду 150 миң сомдук сертификат  Шаардык тез жардам медициналык клиникалык ооруканасына берилди.

Бишкек шаарындагы адистештирилген саламаттыкты сактоо уюмдарынын арасында  "2021-жылдын мыкты медициналык жамааты" номинациясында Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борбору жана Бишкек шаарындагы №3 Стоматологиялык поликлиника 100 миң сомдук сертификаттарга ээ болушту.

Бишкек шаарынын  мэриясы бардык медицина кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктайт, чың ден-соолук,  ийгилик жана бакубатчылык каалайт. Азыр биз оор мезгилди баштан кечирип жатабыз - дүйнөдө коронавирус пандемиясы уланууда. Ал эми сиз, биздин кымбаттуу медицина кызматкерлери, ушул оорунун кыйынчылыктарын  тайманбастык менен кабыл алып жатасыздар. Сиздер вирустун жайылышына каршы күрөштүн башында турасыздар. Сураныч, өзүңүзгө, жакындарыңызга жана туугандарыңызга кам көрүңүздөр.