Курманжан Датканын эстелигинин жанында бардык эпидемиологиялык стандарттарга жана талаптарга ылайык, Кытайдын Синофарм вакцинасы менен массалык эмдөө болду.

Эмдөөну паспорт менен келген бардык каалоочулар алышты.

Акцияга саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев жана Бишкек шаарынын вице-мэри Виктория Мозгачева катышты.

Процесс өтө тез өттү: адегенде дарыгердин консультациясы, каалочуларды каттоо, кан басымын жана температурасын өлчөө, андан кийин эмдөө жүргүзүлдү.

Процедураларды Бишкек шаарынын төрт районунун көчмө мобилдик бригадасынын тажрыйбалуу дарыгерлери  өткөрүштү. Бишкек шаардык ден-соолукту чыңдоо борборунун кызматкерлери дагы тартылып, алар шаардыктарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, маалыматтык буклеттерди таркатышты.

Эмдөөдөн кийин вакцинацияланган адамдар 30 мүнөт дарыгерлердин көзөмөлүндө болуп, алардын бош убактысы жана шаардыктардын жалпы маанайы үчүн ата мекендик эстрада жылдыздары концерт коюшту.

Белгилей кетсек, Республикага 1 миллион 250 миң доза Синофарм вакцинасы келип түшкөн, анын 240 миң дозасы борборго бөлүнгөн.
Урматтуу шаардыктар! Эмдөө-коронавирус инфекциясынын жайылышын болтурбоо боюнча эң натыйжалуу ыкма. Өзүңүздөрдү жана жакындарыңыздарды сактаңыздар!