16-июлда борбор калаанын мэринин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов №11 кичи районунда жайгашкан №3 "Ласточка" бала бакчасынын капиталдык оңдоодон кийин ачылыш аземине катышты.

2016-жылга чейин мекеменин имаратын "Кыргызпатент" ээлеп турган, 2019-жылы имарат муниципалдык менчикке кайтарылып, Октябрь райондук билим берүү борборуна максаттуу пайдаланууга берилген.

Мектепке чейинки билим берүү мекемеси 105 баланы кабыл ала алат. Имараттын ичинде 5 оюн бөлмөсү жана уктоочу бөлмөлөр, жуунучу бөлмөлөрү, музыкалык бөлмө жана спорт зал бар. Тамак-аш блогу толугу менен жаңыланган, эки изоляция бөлмөсү бар медициналык кабинет да каралган.

Имараттын инженердик тармактары толугу менен алмаштырылып, имараттын ичиндеги электр энергиясы жана сырткы жарыктандыруу иштери оңдолуп, айланасына видео көзөмөл менен күзөт -өрт сигнализациясы орнотулуп, 8 авариялык чыгыш уюштурулган.

Балдар үчүн оюн аянтчасы дагы жаңыртылды.  Жаңы отургузулган 80 бак жана эгилген газон жайлуу маанайды жаратат.
Ал эми коопсуздук үчүн имараттын айланасы   тосмо менен тосулду.

Имарат толугу менен жабдылып, керектүү санитардык-эпидемиологиялык стандарттарга жооп берет.

Оңдоо иштерин подрядчик «Орбитал Строй» ЖЧКсы жүргүзгөн.