Борбордук «Бишкекжашылчарба» муниципалдык ишканасынын  кызматкерлери жумуш күнүн арык сугатынан баштап, унаалар аркылуу суугаруу иши менен аякташат.

"Кашка-Суу" жана "Асанбай" каналдарынан жашыл көчөттөрдү суугаруу таӊ эртеңден баштап Тынчтык проспектиси боюнча Манас жана Горький көчөлөрүнүн кесилишинде, «Ынтымак» жана «Адинай» парктарында, 7-апрель, Ахунбаев, Малдыбаев, Токомбаев, Сүйөркулов, Жайыл Баатыр көчөлөрүндө, Эркиндик бульвары менен Дене-тарбия гүлбакчасында жүргүзүлдү.

Буларга  удаа эле сугатчылар Каралаев, Тыныстанов, Тоголок Молдо көчөлөрүндө күнү-түнү арык сугатын уюштурушат.

Жашыл көчөттөрдү унаа менен суугаруу саат 20:00 дөн 23:00го чейин «Тазалык» муниципалдык ишканасынын 12 даана автоунаасы жана «Бишкек жашыл чарба» муниципалдык ишканасынын 5 даана техникасы менен жүргүзүлөт.