Бишкектиктер жана борбордун коноктору үчүн эс алуу зонасын түзүү боюнча "Бишкекасфальтсервис", "Бишкекжарык", "Бишкекжашылчарба" муниципалдык ишканалары иш алып барууда, долбоор "Бишкекбашкыархитектура" мамлекеттик башкармалыгы тарабынан даярдалган.

Жаңы парк фонтан менен кооздолуп, салкын аллея, балдар аянтчасы, импровизацияланган суу агымы жана ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн спорттук имараттар каралган.

Парктын башкы өзгөчөлүгү - бул амфитеатр, анын сахнасы улуттук боз үй формасында курулган.

Үстүнө чатыр орнотулуп, көрүүчүлөр үчүн отургучтардын жарымы даяр. Имараттын арткы бөлүгү петроглифтер менен кооздолгон. Жарык берүү системасын камсыздоо үчүн жер астына 5,7 миң метр электр линиялары тартылган. Автоунаа үчүн унаа токтотуучу жай даяр.