Борбор калаанын мэринин милдетин аткаруучу Айбек Жунушалиев "Тазалык" муниципалдык ишканасынын ишмердүүлүгү жана кызматкерлери менен таанышты.

Жыйынтыгында ишкананын директору Рыспек Сарпашевге түздөн -түз функцияларын сапаттуу жана өз убагында аткаруу үчүн кызматкерлерге шарт түзүү жана шаардык кызматтын ишин уюштурууну жакшыртуу боюнча бир катар сын -пикирлер айтылды.