2021-жылдын 11-сентябрында Ала-Тоо аянтында жаңы автобустардын презентациясы болуп өттү.

Бул жолу газ менен иштеген,  экологияга зыян келтирбеген 210 автобус алынып келинди.
Экологиялык таза, кенен  автобустар презентациядан соң дароо маршруттар боюнча каттамга чыгышты.

Бүгүнкү күндө муниципалитет акырындык менен транспорт маселелерин чечип, түтүнгө каршы чараларды көрүүдө.

Эске салсак, шаарды коомдук транспорт менен камсыздоо үчүн,  муниципалитет конкурстун өткөрүлгөнгө чейин муниципалдык каттамдарды аутсорсингге  берүү боюнча чараларды көргөн.

"Эко Пассажир Транспорт" жана “Сам –Авто” жооперчилиги чектелген уюмдар биргеликте иш алпаруу менен жылдын соңуна чейин калаабызга 350 даана автобусту маршруттарга киргизери маалым.  Эске салсак автобустар Жапон маркасындагы ISUZU автобустары болмокчу.

Келечекте, 2022-2023 жылга өнөктөштүк менен түзүлгөн  келишим боюнча  9, 10 жана 12 метрлик автобустарды алып келүү  жана автобустардын санын  1000 ге жеткирүү боюнча  кызматташтык келишими бекитилген. Автобустардын кыймылдаткычтары газ менен иштеп экологияга зыяны болбойт деп да баса белгилеп айтск болот.

Ошондой эле компания долбоор боюнча 1000ге  жакын жумуш ордун сунуштап жаткандыгын  билдирди.

"Эко Пассажир Транспорт" уюму муниципалдык ишкана болбосо да, муниципалдык тарифке ылайыкташып жол кирени 8 сомдон бекитүү  боюнча келишим түзүшкөн.