15 -сентябрда борбор шаардын бардык мектептеринде жаңы окуу жылынын башталышына карата салтанаттуу линейкалар өткөрүлдү.

Мектеп окуучуларын, мугалимдерди жана ата-энелерди борбордун биринчи вице-мэри жана вице-мэрлери куттукташты.

Быйыл Бишкектин мектептеринде 170 миң балдар окуйт, анын ичинен 16 миң 840 бала биринчи класска барышкан.

Салтанаттуу иш-чаранын  аягында быйылкы окуу жылындагы биринчи коңгуроо кагылып, биринчи ачык сабак өттү.