Гареев атындагы Ботаникалык бакта Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Улукбек Мариповдун, Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиевдин, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын жана мэриянын борбордук аппаратынын  кызматкерлеринин катышуусунда ишембилик өттү.

Катышуучулар республикалык ишембиликти колдоп, ботаникалык бактын  аймагын тазалашты.

Бардык шаардык кызматтар жана ишканалар да шаарды тазалоого жана берилген аймактарды иретке келтирүү үчүн чыгышты.

Кыргызстанда Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнү төртүнчү ирет өткөрүлүүдө. Иш -чаранын максаты - мүмкүн болушунча көп адамдарды экологиялык абалга көңүлүн бурдуруу. Активисттер ар бир адамды коомдук жайларда тазалыкты сактоо, жаратылыш ресурстарын туура пайдалануу, жаратылышты коргоо технологияларын колдонуу жана таштандыларды туура таштоо жөнүндө ойлонууга чакырат.