19 -сентябрда борбор калаада  жарым марафон өттү. Ага Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев катышты.

Жарыштын башталышы жана бүтүшү "Газпром" спорттук -эс алуу комплексинде өткөрүлдү.

Ага ошондой эле профессионал спортчулар жана жөө күлүктөр, анын ичинде ар кайсы өлкөлөрдөн майыптар катышты.

Спортчулар  21 км 97 м, 10000 м, 3000 м аралыкта чуркашты, ошондой эле,  10000 м жана 3000 м скандинавиялык басышты.

Иш-чараны Бишкек шаардык мэриясынын дене тарбия жана спорт башкармалыгы, КРнын жеңил атлетика федерациясы, "Эл аралык марафондун дирекциясы" коомдук бирикмеси уюштурду.  Ал эми жарым марафонду  борбор калаанын муниципалитети, КРнын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги, Кыргыз Республикасынын Улуттук Олимпиада комитети колдоду.

Жыл сайын ага Кыргызстандан эле эмес, Россия, Казакстан, АКШ, Канада, Япония, Германия, Франция, Украина, Латвиядан спортсмендер жана ышкыбоздор катышат.