Бишкек шаарынын мэриясы Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгына караштуу №1 Мамлекеттик резиденциясында 23-сентябрь – Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил күнүнө арналган шаардык майрамдык салтанат өткөрдү.

Иш-чарага калаа башчысы Айбек Жунушалиев катышып, мамлекеттик тил күнү менен куттуктады.

“Илгертен кыргыз элибиз сөз баккан, сөзгө баа берген эл болгон. Оозунда сөзү бар, тилинде мөөрү бар, ааламдын көркүн сөз менен айтып жеткирген, ак таңдай акындар төкмөлүк өнөрү менен таанылган. Ташка тамга баскандай таамай сөздөрү менен тагдырларга таасир эткен сөзгө чечен асылдар болгон, кыргызда.  Элибиздин тил өнөрүнүн кененине сөз, тереңине көз жеткис. Ошондуктан: “Өнөр алды – кызыл тил”, “Жакшы сөз – жарым ырыс”, - деп сөз маанисин биринчи орунга койгон.

Бүгүнкү күнү да уучубуз кур эмес. Улуу манасчыбыз Саякбай Каралаевдин жолун улаган, манасчылык өнөрдү элибизге тартуулаган жаштарыбыз бар.

“Тилибиз – көп кылым өмүр сүргөн ааламда теңдеши жок “Манас” дастанын түзгөн бай тил”, - деп Хусейин Карасаев айткандай, океандай зор көлөмдөгү “Манас” эпосун жараткан, нечен кылым карыткан кыргыз тилибиз ааламдашуу заманына келе жатат.

Бишкек шаарынын мэриясы мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө өзгөчө маани берип, мекеме-ишканаларда иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү боюнча окуу семинарларын өткөрүп, расмий тилдүү кызматчыларга кыргыз тилин үйрөтүү боюнча окуу курстарды уюштуруп, жалпы муниципалдык кызматчылар “Кыргызтест” боюнча тест тапшырып жатышат.

Улуу жазуучубуз Чыңгыз Айтматов айткандай: “Элдин түбөлүктүүлүгү – эне тилинде”. Кыргыз тилибизди, улуттук маданиятыбызды, руханий мурастарыбызды көздүн карегиндей сактап, кийинки муундарга өткөрүп берүү ар бирибиздин жарандык парзыбыз.

Баарыңыздарга бекем ден соолук, ишиңиздерге ийгилик, бакубат жашоо каалайм. Мамлекеттик тил күнү майрамыбыз куттуу болсун!”,-деди калаа башчысы.

Иш-чаранын жүрүшүндө Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев, Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Куванычбек Конгантиев, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Сыртбай Мусаев, Республикалык “Кыргыз тили” коомунун төрагасы Раимжан Курбанов куттуктоо сөз айтып, мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө салым кошуп жаткан кызматкерлерге, мугалимдерге, тарбиячыларга сыйлыктарды тапшырышты.

Ошондой эле Бишкек шаарынын мэриясынын Мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмү өткөргөн “Мамлекеттик тилде иш кагаздарын жүргүзгөн мыкты мекеме жана мыкты адис” сынактарынын жыйынтыгы боюнча сыйлыктар тапшырылды.

Кыргызстандын белгилүү төкмө акындары Көкө уулу Өтөнүн (Жеңижок) 161 жылдыгыныа, Байымбет Абдырахмановдун (Тоголок Молдо) 161 жылдыгына, кыргыз искусство өнөрүнүн чыгааны Болот Миңжылкыевдин 81 жашына, музыкалык көркөм өнөрдүн устаты Муратаалы Күрөңкеевдин 161 жылдыгына, Кыргызстандын мамлекеттик жана саясий ишмери Жусуп Абдрахмановдун 120 жылдыгына, мамлекеттик жана коомдук ишмер Ахматбек Суюмбаевдин 101 жылдыгына арналган мааракелик видеотасмалар катышуучуларга тартууланды.

Иш-чаранын ардактуу меймандары Жусуп Абдрахманов фондунун төрагасы Мирбек Усөбаевге, М.Күрөңкеев атындагы Кыргыз мамлекеттик музыкалык окуу жайынын директору Т.Мураталиевге, Т.Молдо атындагы

№71 мектеп-интернатынын директору Эркинбек Абдыкадыровго,  Болот Миңжылкыевдин жубайы Рейна Чокоевага, Ахматбек Суюмбаевдин кызы  Айнура Суюмбаевага сөз берилип, кыргыз элинин чыгаан инсандары эскерилди.

Иш-чара “Доор” фольклордук-этнографиялык ансамблинин жана М.Күрөңкеев атындагы Кыргыз мамлекеттик музыкалык окуу жайынын артисттеринин аткаруусундагы майрамдык концерт менен жыйынтыкталды.