Жолугушууга борбордун вице-мэрлери, Ленин районунун акими Русланбек Тагаев жана шаардык кызматтардын жетекчилери да катышты.

Ленин районундагы көйгөйлөр жашоочулар тарабынан айтылды. Бул жер тилкелерин мыйзамдаштыруу, канализация системасын куруу, токтоочу жайларды куруу, көчөлөрдү жарыктандыруу, жолдорду оңдоо, газдаштыруу, инфраструктураны өнүктүрүү.


Борбордун мэри Айбек Джунушалиевдин тапшырмасы боюнча суроолор шаардык кызматтардын жетекчилери тарабынан өзгөчө көзөмөлгө алынып, протоколдук буйрукка киргизилген. Башчылар үч жумушчу күндүн ичинде жеринен карап чыгып, мүмкүн болушунча көтөрүлгөн маселелерди чечиши керек.

Ушундай эле жолугушуулар борбор калаанын башка райондорунун тургундары менен дагы өткөрүлөт.

Маалымдама: Ленин району 1938-жылы Кыргыз ССРинин Бишкек шаарынын Пролетар району болуп түзүлгөн жана Бишкек шаарынын түштүк-батыш бөлүгүндө жайгашкан. Райондо 11 жаңы конуш бар: "Ак-Өргө", "Ак-Ордо", "Ала-Тоо", "Попеновка", "Ала-Арча", "Орок", "Арча-Бешик", "Орто-Сай", "Кыргызстан", "Чоң-Арык"жана "Ынтымак".