Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев шаардыктар менен жолугушууларды улантууда. Бул жолу ал Свердлов районунун тургундары менен жолугушту.

Жолугушууга борбордун вице-мэрлери, Свердлов районунун акими Бахтияр Карамшаков жана шаардык кызматтардын жетекчилери катышты.

Шаардыктар тез арада чечүүнү талап кылган көйгөйлүү маселелерди айтышты. Ошентип, инфраструктураны өнүктүрүү, жол коопсуздугу, суу менен камсыздоо, жашылдандыруу, көчөлөрдү жарыктандыруу, жолду оңдоо, коомдук транспортту чыгаруу, жер тилкелерин мыйзамдаштыруу, оюн аянтчаларын тартипке келтирүү маселелери көтөрүлдү.

Борбордун мэри Айбек Джунушалиевдин тапшырмасы боюнча суроолор шаардык кызматтардын жетекчилери тарабынан өзгөчө көзөмөлгө алынып, протоколго киргизилди.

Жетекчилер жер - жерлерге чыгып, көтөрүлгөн маселелерди чечиши керек. Октябрдын ортосуна чейин “Чыгыш-5” кичи районундагы ден-соолукту чыңдоо комплекстин курулушун бүтүрүү, күндүз №224 маршруттук каттамды  Келечек конушуна чыгуу маселесин чечүү, Керченская көчөсүн бир жуманын ичинде оңдоп баштоо жана “Дордой-2” конушунун  башкы көчөсүндө жасалма “жол белгисин” орнотуу тапшырылды.

Жакынкы күндөрү Бишкек шаарынын Биринчи май жана Октябрь райондорунун тургундары менен жолугушуулар уюштурулат.

Маалымдама: Свердлов району 1964 - жылы түзүлгөн. Анда 270 миң адам жашайт. Аймакта Чүй жана Жибек-Жолу проспектилери, Абдрахманов, Шабдан Баатыр, Курманжан-Датки көчөлөрү бар.

Райондун аймагында 14 конуштар бар: “Бакай-Ата”, “Эне-Сай”, “Келечек”, “Дордой”, “Дордой-2”, “Ак-Бата”, “Ак-Тилек”, “Ак-Тилек-2”,"Кызыл Кууруучу","Керамика", "Кайыңды", "Дачный-Керченский-Суворов", "Ак-Тилек-Турбаза", "Учкун". Ошондой эле 6 кичи район бар: Аламүдүн-1, Куруучулар шаарчасы, Учкун, ЖЭБ шаарчасы, Чыгыш-5, Чыгыш-6.