Борбор калаада Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошевдин катышуусунда, Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн гранттык каражаттарынын эсебинен ишке ашырылган «Бишкек шаарынын унаа жолдорунун жол катмарын калыбына келтирүү» долбоорун кабыл алуу актысына кол коюу аземи өттү.

Бул долбоордун алкагында жалпы узундугу 40 чакырымга жакын жолдордун асфальт-бетон төшөөлөрү калыбына келтирилип, бардыгы 23 көчө оңдоп-түзөлдү, бул борбор калаанын транспорттук инфраструктурасынын олуттуу жакшыруусуна, жолдордун өнүгүшүнө жана унаа өткөрүү жөндөмдүүлүгүн жогорулашына алып келди.

Иш-чаранын алкагында «Бишкек шаарынын унаа жолдорунун жол катмарын калыбына келтирүү» долбоорун кабыл алуу актына кол коюлуп, ошондой эле кызыл лентаны салтанаттуу кесүү аземи ишке ашты.

Иш-чарага Кытай Эл Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Ду Дэвэнь жана тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилери катышты.