Бүгүн борбор калаанын мэри Айбек Жунушалиев фельдшердик-акушердик пункт жана чыгыш тилдерин изилдөө борбору боло турган жаңы комплекстин пайдубалына капсула салуу аземине катышты. Иш-чарага ошондой эле Мусулман жаштарынын Бүткүл дүйнөлүк ассамблеясынын башкы катчысы Салех Сулейман аль-Хахайби, Мусулман жаштарынын Бүткүл дүйнөлүк ассамблеясынын аткаруучу директору Салех бин Ибрахим бин Мухаммад бин Мухаммад Бабабир жана Мусулман жаштарынын Бүткүл дүйнөлүк ассамблеясынын директору Мохаммад  Мады катышты.

Долбоорду Бүткүл дүйнөлүк мусулман жаштар ассамблеясы кайрымдуулук фонду ишке ашырууда.

Курулуш үчүн Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан Ак-Босого жаңы конушунан жалпы аянты 0,64 гектар жер тилкеси бөлүнгөн.

«Аманат Групп» ЖЧКсы комплексти долбоорлоодо.

29-сентябрда Бишкек шаарынын мэриясынын Коомдук-мамлекеттик капиталдык курулуш башкармалыгы Фонд жана долбоорлоочу уюм менен биргеликте Ак-Босого жаңы конушундагы жер участогуна баруу менен жыйын өткөрүп, ал жерде жер астындагы суулардын жогорку деңгээлде экени аныкталды.

Ушуга байланыштуу фундаменталдык чуңкурда жана фундаментте аткарылган жумуштардын наркы ишке ашыруу үчүн каралган фонддун белгиленген өлчөмүнөн ашып кетет.

Кийинчерээк Бишкек шаарынын мэриясынан кошо каржылоо боюнча чечим кабыл алынган.