Бишкек шаарынын мэриясы борбор калаанын жашыл аймактарын кеңейтүүнү улантууда.

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 11-февралындагы №37  “Жусуп Абдрахмановдун 120 жылдыгын белгилөө жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруунун алкагында ден соолукту чыңдоо паркына 120 түп жаш көчөттөр отургузулду.

«Жашыл» иш-чарага шаардыктар, Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев, Жусуп Абдрахманов атындагы коомдук фонддун төрагасы Мирбек Үсөбаев жана коомдук ишмер Эмилбек Каптагаев катышты.

«Бишкекжашылчарба» муниципалдык  ишканасынын башкы агроному менен макулдашылып,  коомдук аянттын аймагына 60 түп каштан жана 60 түп күл дарагы отургузулду.

Белгилей кетсек, бул масштабдуу көчөт отургузуу иш-чарасы азыркы кыргыз мамлекеттүүлүгүн түзүүгө зор салым кошкон Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана саясий ишмери Жусуп Абдрахмановдун 120 жылдыгын белгилөө жана анын элесин түбөлүккө калтыруу максатында уюштурулган.