Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев «Бишкексууканал» өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгынын жана «Бишкекжылуулукэнерго» коммуналдык ишканасынын жамааты менен жолукту.

Борбор калаа башчысы турак жай-коммуналдык чарба чөйрөсүнүн маанилүүлүгүн жана маанисин белгилеп, милдеттерге токтолуп, каалоо-тилектерди жана суроолорду укту.

"Биз бирдиктүү организмдей иштешибиз керек. Шаардыктар бизден жакшы жана сапаттуу ишти күтүшөт. Эл менен жолугушууларда 15-20 жыл ичинде пайда болгон көйгөйлөрдү айтып жатышат. Биз чечишибиз керек жана чечебиз», - деп белгиледи Айбек Жунушалиев.

Мэр кызматкерлерге коронавирус инфекциясына каршы эмдөөнүн натыйжалуулугун эскертип, эмдөөдөн өтүүгө чакырды.

Жолугушуунун форматы мэрге суроолорду берүүгө жана көйгөйлөрдү аныктоого мүмкүндүк берди.