Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев шаардык кызматтардын жана  түзүмдүк бөлүмдөрүнүн кызматкерлери менен жумушчу жолугушууларды улантууда.

Бул жолу мэр транспорт кызматкерлерине, «Бишкек жүргүнчүлөрдү ташуучу автотранспорт ишканасы», «Бишкек троллейбус башкармалыгы» муниципалдык ишканаларынын кызматкерлерине пландык кеңешме өткөрдү.

Айбек Жунушалиев кызматтардын алдында турган милдеттерди белгилеп, жүргүнчүлөрдү ташуудагы, социалдык жана техникалык камсыздоодогу көйгөйлөрдү талкуулады, кызматкерлердин суроолоруна жооп берип,  ден соолукту сактоо үчүн коронавирус инфекциясына каршы вакцина алуу зарылдыгын эске салды, айрыкча күн сайын  жүздөгөн жүргүнчүлөрдү ташыган айдоочулар эмдөө алуулары керек.

Шаардык кызматтардын кызматкерлери менен  жолугушуулар уланууда.

Эске сала кетсек, буга чейин муниципалитеттин башчысы борбор калаанын турак-жай-коммуналдык чарба  жамааттары менен жолуккан.