Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев борбордогу турак-жай массивиндеги инспекцияны улантууда.

Бул жолу муниципалитеттин башчысы "Дордой-2" турак-жай массивинин жашоочулары менен аймактардагы турак-жай курулушун мыйзамдаштыруу жана ыңгайлаштыруу маселелери боюнча жолугушту.

Биринчи кезекте, шаар тургундары мэрге жергиликтүү балдар аянтчасын оңдоо өтүнүчү менен кайрылышты.

Айбек Джунушалиев Свердлов акимиатына ишти көзөмөлгө алып, балдардын эс алуусунда оперативдүү түрдө коопсуз шарттарды түзүп берүүнү тапшырды.

Ошондой эле Түндүк көрүстөнүнүн азыркы абалы талкууланып, муниципалитет башчысы көрүстөндүн аймагын көбөйтпөө жана короосуна тосмо орнотуу өтүнүчү менен КР Министрлер Кабинетине жана Чүй акимчилигине кайрылууга ниеттенип жатканын белгиледи.

Өз кезегинде  “Бишкекжарык” муниципалдык ишканасына турак жайдын көчөлөрүнө жарыктандыруу жүргүзүүнү 2022-жылга карата иш планына киргизүү тапшырмасы берилди.

Ошондой эле "Бишкексууканал" ӨЭБсынын линиясы боюнча суу менен камсыздоо маселеси чечилген.

Эң көйгөйлүү суроо-жер участокторун мыйзамдаштыруу.

Муниципалитеттин башчысы белгилегендей, турак-жай конуштарында жер тилкелерине документтерди шайкеш келтирүү максатында мобилдик топтор иштей баштайт.

Көчмө топтор изилдөө иштерин жүргүзүп, келечекте жер-жерлерде өз алдынча турак жай курулган жер участокторуна Техникалык паспорт даярдашат.

Мобилдик топтордун чыгуу графиги Бишкек мэриясынын расмий сайтында жайгаштырылат: meria.kg

Шаардыктар менен жолугушуу, турак-жай конуштарынын инспекциялары уланууда.