Шаардык муз тебүүчү аянтчада Бишкек шаарынын мэринин кубогу үчүн хоккей боюнча эл аралык турнирдин ачылышы болду. Иш-чараны борбор калаанын мэри Айбек Жунушалиев ачты.

Айбек Жунушалиев бардык спортчуларды мелдештин башталышы менен куттуктап, аларга жаңы ийгиликтерди каалады.

Андан кийин "Нарын шумкарлары" командасынын оюнчусу Мелсов Мерадил жана "Riga" командасынын оюнчусу Эрнест Ципулис символикалык түрдө биринчи шайбаны ыргытышты.

Турнирдин ачылыш аземине ошондой эле Кыргыз Республикасынын Хоккей федерациясынын президенти Оморканов Анвар жана Кыргыз Республикасынын хоккей федерациясынын өкүлдөрү катышышты.

Мелдеш биринчи жолу үч жаш категориясы боюнча өтүп, анда Латвиянын, Россия Федерациясынын, Өзбекстандын «Бинокор», Казакстандын Алматы шаарынын «Алмата»,

«Кайсар», «Торнадо» жана «Медведь» командалары, борбордун «Алга», «Локомотив» клубунун командалары Нарындын «Нарын шумкарлары»    командасы катышат.

Турнирдин уюштуруучусу-Бишкек шаарынын мэриясынын дене тарбия жана спорт башкармалыгы жана Кыргыз Республикасынын хоккей федерациясы.

Эл аралык спорттук иш-чара өлкөдө хоккейди өнүктүрүү жана жайылтуу, спортчулардын достук, спорттук мамилелерин кеңейтүү жана чыңдоо, сергек жашоо образын жайылтуу жана өсүп келе жаткан муундун ден соолугун чыңдоо максатын көздөйт.