Бишкек шаарынын «Ала-Тоо» аянтында өлкөнүн башкы балатысын жандыруу салтка айланган аземи болуп өттү.

Шаардыктар менен бирге өлкөнүн башкы көркүн Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев, борбор калаанын вице-мэрлери жана шаардык кызматтардын кызматкерлери жандырышты.

Эске сала кетсек, жаңы жылдык балаты орнотуу жана жасалгалоо менен «Тазалык», «Бишкекжарык» жана «Бишкекжашылчарба» муниципалдык ишканалары алектенген.

Шаардыктардын жана коноктордун эң жакшы салтында жаңы жылы менен борбор калаанын мэриясынын маданият башкармалыгынын солисттери, чыгармачыл жамааттары куттукташты. Майрамдык хиттерди белгилүү эстрада ырчылары: Темир Дамирбеков, Лютфилла Бусурманкул уулу, Гүлзат Байзакова, Сьездбек Искеналиев, Жанетта Баялиева, Нурлан Насип, Замир Арыкбаев, Юлия Руцкая, Омар, Нурбек Савитахунов, Урмат жана Салидинас тартуулашты.

Белгилей кетсек, аянтта тез жардам унаасы, «Тазалык», «Бишкекжарык» муниципалдык ишканаларынын бригадалары атайын техниканы тартуу менен нөөмөттө болуп, коомдук тартипти борбор калаанын милиция кызматкерлери камсыз кылышкан.

Бишкек шаарынын мэриясы жалпы бишкектиктерди Келе жаткан жаңы жылы менен куттуктайт!