Бүгүн Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга жана шаардагы 11 адистештирилген мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин жана үч көмөкчү мектептин тарбиялануучуларына жаңы жылдык балаты өттү.

Жаңы жылдык жомокко миңге жакын бала барышты. Алар «Таберик» балдар музыкалык театрынын «Убакытка саякат» аттуу музыкалык спектаклин көрүштү.

Бишкек шаарынын социалдык маселелери боюнча вице-мэр Виктория Мозгачева өзгөчө балдарды 2022-жаңы жылы менен куттуктап, бардыгына таттуу белектерди тапшырды.

Белгилей кетсек, социалдык коргоо органдарынын каттоосунда аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдөн, майып үй-бүлөлөрдөн, Чернобыль АЭСинин катышуучуларынан, интернационалист-жоокерлерден, жетим, жарым жетим, «тобокелдик тобундагы» 7 миң 236 бала турат. Анын ичинен 18 жашка чейинки ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген 3496 бала, 80 бала турмуштук оор кырдаалда жана реабилитациялык борборлордо жашашат.