Боталиев жана Манас көчөлөрүнүн кесилишиндеги сейил бакта Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри Максатбек Сазыкуловдун катышуусунда «Бишкекжашылчарба» муниципалдык ишканасынын жаңы атайын техникасы көрсөтүлдү.

Борбор калааны тейлөө үчүн МАЗ бириктирилген 2 автоунаа, 1 бутак майдалагыч, 1 экскаватордук жүктөгүч жана 1 дүмүрлөрдү тазалагыч алынган.

Заманбап атайын жабдууларды колдонуунун тармактары көп, ар кандай аба ырайында иштейт, дээрлик бардык жүктөргө туруштук берет жана тейлөөдө жөнөкөй.

Бириктирилген унаалар шаардын жашыл аянттарын сугаруу боюнча жумуштарды өз убагында аткарууга мүмкүндүк берет, бул абдан ыңгайлуу жана келечекте атайын техниканы ижарага алууда акчаны үнөмдөөгө мүмкүндүк берет.

Экскаватор JCB 3CX GE / 2021/ жер кыртышын түшүрүү, инерттүү материалдарды, кулаган бак-дарактардын сөңгөгүн жүктөө боюнча иштерди аткарат.

Chip Master 220 ТМР бутактарды майдалоочу машинасы ишкананын жыгач короосунда өрт коопсуздугу маселесин чечет.

Тракторлор үчүн Rotor Speedy 70 - 100 дүмүр тазалагыч мурда кыйылган дарактардын дүмүрлөрүн жок кылат. Бул дүмүрдүн борбордук бөлүгүн курчап турган тамырларды биротоло жок кылууга мүмкүндүк берет.

Бул техника борбордун эстетикалык көрүнүшүн бир топ жакшыртууга шарт түзөт.

Жабдуулар «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» мыйзамга ылайык, шаардык бюджеттин эсебинен тендердин негизде мамлекеттик сатып алуулар порталы аркылуу алынган.