Бишкекте Кыргызстандын көрүнүктүү мамлекеттик ишмери, Кыргыз АССР Эл Комиссарлар Кеңешинин биринчи төрагасы Жусуп Абдрахмановдун 120 жылдыгына арналган митинг-реквием өттү.

Иш-чарага шаар тургундары, Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев, Жусуп Абдрахманов Кыргыз АССР Элдик комиссарлар кеңешинин биринчи төрагасы коомдук фонддун директору Мирбек Усебаев катышты.

Катышуучулар курман болгондорду эскерип, саясатчынын бюстуна гүл коюшту.

Эске салсак, Жусуп Абдрахманов 1901-жылы 28-декабрда туулган.