31-декабрда борбордук «Ала-Тоо» аянтында майрамдык концерт болуп өттү.

Шаар тургундарын жана конокторун борбор калаанын мэриясынын маданият башкармалыгынын  солисттери жана чыгармачыл жамааттары жаңы жыл менен куттукташты. Майрамдык хиттерди белгилүү эстрада ырчылары: Замир Арыкбаев, Кайрат Примбердиев, Айдана Дека, Аваз Акимов, Нурлан Насип, Талант Кадыров, Чолпон Талипбек, Гүлнара Тойгонбаева, Бактияр Токторов, Айчүрөк Иманалиева, Иса Өмүркулов жана башкалар тартуулашты.

Жаңы 2022-жылды  шаар тургундары жана борбор калаанын коноктору менен бирге тосууга Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев, вице-мэрлер, райондордун акимдери жана шаардык кызматтардын жетекчилери келишти.

Саат 23:50дө Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кыргыз элин куттуктады.

Шаардыктардын ыңгайлуулугу үчүн коомдук транспорт саат 01:00гө чейин иштеди.

Аянтта тез жардам жана бир өрт өчүрүү кызматы, «Тазалык» МИ, «Бишкекжарык» МИ бригадалары нөөмөттө болуп, тартип сакчылары коомдук тартипти камсыз кылышты.

Урматтуу Бишкек шаарынын тургундары Жаңы жылыңыздар менен!