Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев бала бакча жана мектептердин курулушу менен таанышты.

Калаа башчысы биринчи “Мурас-Ордо” жаңы конушундагы мектепти текшерди. 2019-жылы бул объектинин курулушу токтотулган. 2021-жылы мектептин курулушун улантууга каражат бөлүнгөн. Учурда  чатырын жабуу иштери аяктап, дубалдарын көтөрүү иштери башталды. 660 окуучу орунга эсептелген имарат 40% даяр.

Андан ары мэр «Касым» жана «Кара-Жыгач» конуштарындагы бала бакчаларды реконструкциялоо жана куруу иштеринин жүрүшү менен таанышты.

«Шоола» бала бакчасын реконструкциялоо иштери 2021-жылдын октябрь айынын ортосунда башталган. Учурда пол төшөө, кирпич тосмолорду алуу, жер иштери, ички жана тышкы канализацияны орнотуу, ирригация, бетон стяжка, лента фундамент, кирпич тосмолор бүткөрүлдү. Электр жарыгын монтаждоо, дубалды керамикалык плиталар менен каптоо иштери жүрүп жатат. Мэр ишти 2021-жылдын 1-июнуна чейин бүткөрүүнү, ошондой эле бала бакчанын жанаша жайгашкан аймагын көрктөндүрүү тапшырмасын берди.

“Кара-Жыгач” конушундагы бала бакчанын курулушу 2021-жылдын июнь айында башталган. Бүгүнкү күндө каркасын орнотуу, чатырды жабуу иштери аяктап, биринчи жана экинчи кабаттардын кирпичтерин көтөрүү иштери аяктады. Учурда сантехника, откананын пайдубалын тургузуу жана электр-энергиясы менен камсыздоо иштери жүрүп жатат.

“Алтын-Ордо” жаңы конушундагы 480 окуучуга эсептелген мектептин курулушу менен таанышуу учурунда калаа башчы бардык курулуп жаткан объектилерди өз мөөнөтүндө бүткөрүүнү камсыздоону кызматтардын жетекчилерине тапшырды.

“Алтын-Ордо” конушундагы мектептин курулушу 2021-жылдын май айында башталган. Бүгүнкү күндө биринчи блоктун эки кабатынын жана үчүнчү блоктун колоннасынын курулушу бүткөрүлүп, үчүнчү кабаттын кирпичтерин даярдоо жана үчүнчү блоктун кайчылаштырынын жана полдун плиталарынын опалубкаларын орнотуу иштери жүрүп жатат.

Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаровдун тапшырмасы боюнча 2022-жылы Бишкек шаарында республикалык бюджеттин эсебинен 15 мектепти, анын ичинде иштеп жаткан мектептер үчүн кошумча окуу корпустарын куруп, пайдаланууга берүү пландаштырылууда.