Алардын бири №9 балдар искусство мектеби болду. Имарат оңдоого жараксыз болгондуктан, заманбап талаптарга жооп берген жаңы искусство мектебинин курулушунун долбоору даярдалган. Борбор калаанын мэри имаратты бузуу үчүн документтерди даярдоону тездетүүнү, ошондой эле Жер башкармалыгына мектепке кирүүнү кыскарткан жакын жердеги кафеге укук белгилөөчү документтердин бар-жогун текшерүүнү тапшырды.

№4 балдар искусство мектеби менен таанышууда балдарды окутуу жана тарбиялоо процесси талаптагыдай деңгээлде жүрүп жатканы белгиленди. Быйылкы жылы мектептин материалдык-техникалык базасын 5 миллион сомго оңдоо пландалууда. Айбек Жунушалиев биздин окуучулардын эл аралык онлайн фестивалдарга жана сынактарга катышуусуна шарт түзө турган концерттик зал үчүн жабдууларды сатып алуу үчүн мэриянын резервдик фондунан каражат бөлүүнү чечти.

Мэр барган кийинки объект №31 бала бакча болду. Имарат 28,8 млн сом суммасында жүк көтөрүүчү конструкцияларын бекемдөө менен капиталдык оңдоону талап кылат. Бардык керектүү документтер даярдалып, объект капиталдык оңдоо долбоорунун титулдук тизмесине киргизилген. Быйылкы жылдын жаз айларында объектти оңдоону баштоо пландалууда.

Андан соң шаар башчысы №34 адистештирилген (көмөкчү) мектептин имаратында болду. Үстүбүздөгү жылы жалпы суммасы 1 миллион сомдук суу түтүктөрү жана канализация тармактарын, ошондой эле жумшак чатырларды оңдоо иштери жүргүзүлөт. Андан ары курулуш үчүн стандарттарга жана талаптарга жооп берген адистештирилген инклюзивдик мектептин долбоорун иштеп чыгуу милдети коюлду.

Социалдык объектилерге болгон сапар бассейни кейиштүү абалда жана капиталдык оңдоону талап кылган №1 мектепте бүттү. Айбек Жунушалиев бул иштерди сууда сүзүү федерациясы жана инвесторлор менен биргеликте жүргүзүүгө болоорун белгиледи. Мектептин аймагынын бир бөлүгүн ижарага алган наабайкана санитардык нормаларга жооп бербейт деген да божомолдор бар. Бул маселени шаардын санитардык-экологиялык инспекциясы жана борбордук мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык кызматы көзөмөлгө алды.