Борбор калаанын мэри Айбек Жунушалиев «Ардагер» геронтологиялык борборуна барып, жүргүзүлүп жаткан оңдоо иштери менен таанышты.

Имараттын фасады капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, ички жасалгасы жаңыланып, тегерек чети жашылдандырылды. Мекеменин короосуна брусчатка төшөлүп, беседкалар салынып, көчөлөргө жарыктандыруу орнотулган.

Шаардык геронтологиялык борбор 1994-жылы негизделген жана жергиликтүү бюджеттин эсебинен камсыздалат. Ал, убактылуу жашоого арналган социалдык-медициналык мекеме болуп саналат. Борбордун жашоочулары социалдык жактан тейлөө жана үч маал тамак менен камсыз болушат. Квалификациялуу медициналык жардам да бар, зарыл жабдуулар менен жабдылган физиотерапия кабинети да бар.

Жыл сайын борборду камсыздандыруу  үчүн шаардык бюджеттен 20 миллион сомго жакын акча каражат каралат.

Борбордо ай сайын 80 адам эс алат, бул жылына 800-900 пенсионер, майыптар, Улуу Ата Мекендик согуштун жана эмгектин ардагерлерин түзөт.