Ардагерлер үйүнүн жанында Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери, Ленин райондук ардагерлер кеңешинин төрайымы Касатых Валентина Андреевна менен митинг-реквием жана коштошуу зыйнаты өткөрүлдү.

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев Валентина Андреевнанын үй-бүлөсүнө, жакындарына,  санаалаштарына жана кесиптештерине көңүл айтты.

Согуш ардагеринин сөөгү борбор калаанын Түндүк көрүстөнүнө коюлат.

Бишкек шаарынын мэриясы Валентина Андреевна Касатыхтын үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.