Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинде Бишкек шаарынын Балдар сүрөт мектебинин 40 жылдыгына карата “Жаш сүрөтчүнүн көз карашы” аттуу көргөзмө ачылды.

Көргөзмөнү Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев көрүп келди.

40 жылдык чыгармачылык жол профессионалдык жемиштүү эмгектин, берилгендиктин жана зор ички потенциалдын далили. Биздин мектеп балдардын жана өспүрүмдөрдүн чыгармачылык жөндөмдүүлүгүн өнүктүрүү жана эстетикалык тарбиялоо үчүн бекем пайдубал болуп саналат, - деди мэр мектептин окуучуларын куттуктоо сөзүндө.

Мэр ошондой эле мектептин мындан ары гүлдөп-өнүгүшүн, таланттуу муундарды өстүрүүнү жана балдарды Кыргызстандын улуттук маданияты менен тааныштырган асыл кесип уланышын каалады.

Айбек Жунушалиев мектептин мугалимдерин куттуктап, Ардак грамоталарды тапшырды.

1.Власова Елена Владимировна - мектептин директору, стажы 20 жыл;

2. Горячева Валерия Игоревна — мектептин башкы мугалими;

3. Филипенко Надежда Владимировна — мугалим;

4. Рыбалкина Наталья Григорьевна — мугалим;

5. Мацкевич Светлана Валерьевна — мугалим;

6.Лунева Ирина Петровна-мугалим;

7. Касымалиева Милена Джумгалбековна – мугалим;

8. Толмачева Татьяна Викторовна — мугалим.

Конокторго балдардын көркөм сүрөт мектебинин окуучулары тарабынан ар кайсы жылдарда жасалган эмгектердин ретроспективасы тартууланды.

Чыгармалар сүрөт искусствосунун түрдүү жанрларында: чийүү, живопись, графикада жасалган. Ар кандай ыкмалар колдонулат: карандаш, акварель, гуашь, пастел, аралаш ыкмалар.