Борбор калаанын муниципалитетинин жетекчилиги  “Бишкексууканал” өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгынын Свердлов районундагы суу менен камсыздоо жана канализация кызматкерлери үчүн түзүлгөн шарттар менен таанышты.

Ишкана эки айдын ичинде өз каражатына жалпы аянты 247 м2 болгон жаңы имаратты курду.

Кызматкерлердин иштөөсүнө ынгайлуу шарттар түзүлдү: эс алуу бөлмөсү, ашкана, душ, дааратканалар, иш бөлмөлөрү. Имараттын жылытуу жана муздатуу системалары техникалык жактан жакшы ойлонулуп, жанаша жайгашкан аймакты жашылдандыруу да унутта калган эмес.

Жаңы имарат дагы заманбап техникалар: кир жуугуч машиналар, муздаткычтар, микротолкундуу мештер менен жабдылган.

Суу чыгаруучу жана суу менен камсыз кылуучу бригадалар смена менен иштешет. Алар суу менен жабдуу жана канализация системасындагы көйгөйлөрдү жоюуга байланыштуу жумуштардын күнү-түнү аткарышат.

Жаңы имарат «Бишкексууканал» башкармалыгынын «ККСК» суу алгычынын аймагында жайгашкан. Буга чейин Свердлов районунун суу жана канализация участкаларынын адистери көп жылдар бою эскилиги жеткен имаратта иштеп келишкен.

Белгилей кетсек, 2020-жылдын июль айында Ленин районунун суу чарба кызматкерлери үчүн «Түштүк-Батыш» суу алгычтын аймагына аянты 120 м2 болгон имарат курулуп, пайдаланууга берилген.

2020-жылы Аэропорттун суу алуучу жайынын аймагында эки имарат курулган: аянты 200 м2 болгон КДСБ кызматкерлери үчүн башкаруу борбору жана башкармалыктын авариялык оңдоо бригадалары үчүн бөлмө - 332 м2. Имараттардын курулушун ишкана өзү каржылаган.

Маалымдама: “Бишкексууканал” башкармалыгы 92 жылдан бери борбор калаанын турак жай фондун, ишканаларын жана ар кандай мекемелерин суу менен камсыздап келет.  Биз жумуштун жогорку сапатына, инженердик тармактардын ишке жарамдуулугуна жана кызмат көрсөтүүнүн үзгүлтүксүздүгүнө кепилдик беребиз.

«Бишкексууканал» башкармалыгы  тарабынан көрсөтүлүүчү суу менен камсыздоо жана канализация кызматтарын 260 миңден ашык абоненттер – жеке адамдар да, ишмердүүлүктүн ар кандай чөйрөсүндөгү уюмдар да алышат.