Иш-чараны Октябрь райондук администрациясынын башчысы Мирлан Эшкожоев ачты.

Ленинград блокадасында каза болгондорду эскерүү иш-чарасы өтүп, ага  Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери, шаардыктар, Кыргыз Республикасынын статс-катчысы Сүйүнбек Касмамбетов, борбор калаанын мэри Айбек Жунушалиев, КРнын Коргоо министри Бактыбек Бекболотов, Россия Федерациясынын Элчилигинин кеңешчиси-элчиси катышты.
Калаа башчысы иш-чаранын катышуучуларына бул  күндүн маанилүүлүгүн белгиледи.

«Бүгүнкү күндө борбор калаанын социалдык өнүктүрүү органдарында Ленинград блокадасынан 10 гана адам каттоодо турат. Үрөй учурган трагедияга күбө болгондор азайып баратат.

Үйүңүздөрдө ар дайым тынчтык жана бакубатчылык болсун. Сиздерге чың ден соолук, ачык асман,   узун өмүр каалайм!», - деди мэр.

Метрономдун үнү астында бардык катышуучулар курман болгондорду бир мүнөттүк унчукпай туруу менен эскеришти,  андан кийин каалоочулардын баары Ленинград блокадасынын эстелигине гүл коюшту.

Маалымат үчүн: Бүгүнкү күндө Бишкекте Ленинград блокадасынан аман калган 10 адам жашайт. Аталган категорияга даректүү социалдык жардам көрсөтүү максатында бир жолку материалдык жардам, квартал сайын 3 миң сом өлчөмүндө стипендия, шаардык коомдук транспортто бекер жүрүү шаардык бюджеттен бөлүнүп, акчалай компенсация төлөнөт. Республикалык бюджеттин эсебинен жеңилдиктердин ордуна  7 миң сом өлчөмүндө акчалай компенсациялар төлөнөт.