Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев борбор калаанын конуштарында көчмө жыйындарды улантууда. Бүгүн мэр шаардык кызматтардын жетекчилери менен биргеликте “Калыс-Ордо” жана “Мурас-Ордо” конуштарынын тургундары менен жолугушту.

Жыйындын жүрүшүндө инженердик тармактарды куруу жана тейлөө, жолдорду жана тротуарларды куруу, социалдык билим берүү объектилерин куруу, ичүүчү суу менен камсыз кылуу, аймакты санитардык тазалоо, жер тилкелерин мыйзамдаштыруу маселелери талкууланды.

Биринчи кезекте “Калыс-Ордо” конушунун тургундары жеке турак жайларга укук белгилөөчү документтерди берүүнү тездетүү өтүнүчү менен мэрге кайрылышты. Муниципалитеттин башчысы бул маселе боюнча Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан комплекстүү иш жүрүп жатканын белгилеп, шаардыктарга жаңы вице-мэр Нурлан Шаршеналиев менен тааныштырып, ал жер тилкелерин мыйзамдаштыруу процедурасына кызуу киришерин белгиледи.

Шаардыктардын башка кайрылуулары боюнча төмөндөгүдөй тапшырмалар берилди:

• Биринчи май акимчилигине «Бишкекасфальтсервис» ишканасы менен биргеликте тротуарларды курууга арыз берүү тапшырылды.
• Муниципалдык менчикти башкаруу департаментине Коомдук-мамлекеттик капиталдык курулуш башкармалыгына  суу алгыч куруу үчүн жер тилкесин бөлүп берүү тапшырылды;
• «Бишкексууканал» ишканасы калкты тейлөөгө болгон мамилени карап чыксын;
• Коомдук-мамлекеттик капиталдык курулуш башкармалыгы жаңы балдар бакчасынын долбоорун кароо процессин тездетиши керек;
• Райондун администрациясы жана транспорт кызматтары коомдук транспорттун жүрүү графигин өзгөчө көзөмөлгө алышсын.

“Мурас-Ордо” жаңы конушунун тургандары көптөгөн жаңы конуштар сыяктуу эле “Бишкексууканал” ишканасынын ишине нааразы болушууда. Муниципалитеттин башчысы мындан ары ишкана кимдин балансында экенине карабастан инженердик тармактарды тейлейт деп ишендирди.

Ошондой эле жашоочулар жер тилкелерин мыйзамдаштырууну жана жашаган жери боюнча каттоону тездетүүнү суранышты.

Шаардыктардын бардык кайрылуулары боюнча шаардык кызматтардын жетекчилерине маселелерди өзгөчө көзөмөлгө алып, мыйзам чегинде чечүү тапшырмасы берилди.

Белгилей кетсек, бүгүнкү иш сапары менен калаа башчысы Айбек Жунушалиев шаардын бардык калктуу конуштарын текшерүүнүн биринчи сессиясын жыйынтыктады.