15-февралда Ата-Түрк сейил багындагы интернационалист жоокерлердин эстелигине гүлчамбарлар коюлуп, курман болгондор бир мүнөттүк тыныгуу  менен эскерилди.

Иш-чарага шаардыктар, Ооганстандагы согуштук аракеттердин ардагерлери жана алардын үй-бүлөлөрү, КРнын коргоо министри Бактыбек Бекболотов, вице-мэр Виктория Мозгачева, Ооган согушунун ардагерлеринин республикалык кеңешинин башкармалыгынын төрагасы Жолдошбек Бейшеев, Россия Федерациясынын, Азербайжандын жана Казакстандын Кыргыз Республикасындагы Элчиликтеринин өкүлдөрү, КМШга мүчө-мамлекеттердин Өкмөт башчыларынын Кеңешине караштуу Жоокерлер-интернационалисттер комитетинин төрагасы Николай Шуба жана Ооган согушунун жана согуштук кагылыштардын ардагерлеринин «Боевое братство» кеңешинин төрагасы Абдыгул Чотбаев катышты.

Эске салсак, советтик аскерлердин чектелген контингенти Ооганстанга 1979-жылы декабрда киргизилип, дээрлик 10 жылдан кийин, 1989-жылдын 15-февралында чыгарылган.

Ооган согушуна 7140 кыргызстандык катышып, алардын 252си согушта курман болсо, 1500ү ар кандай жаракаттарды алып кайткан, төртөө дайынсыз жоголгон.

Бишкек шаарынын социалдык өнүктүрүү башкармалыгында  746 жоокер-интернационалист каттоодо турат.

Курман болгон жоокер-интернационалисттердин 10 үй-бүлөсүнө квартал сайын 3500 сомдон стипендия төлөнүп турат. Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен Республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен жөлөк пулдардын ордуна акчалай компенсация төлөнөт.  Майыптарына - 7,0 миң сом өлчөмүндө, катышуучуларына - 6,0 миң сом. Ооганстанда каза болгондордун жесирлерине - 1,0 миң сом.