Эртең, 5-март Кыргызстанда Кыргыз Республикасынын сот тутумунун кызматкерлеринин күнү белгиленет.

Майрамдын алдында Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров Фемида кызматкерлерине ак ниет жана таза эмгеги үчүн ыраазычылык билдирип, Бишкек шаардык сотунун кызматкерлерине Бишкек мэриясынын сыйлыктарын тапшырды.

Шаардык соттун судьясынын жардамчылары ыраазычылык кат менен сыйланышты:

• Нуралиев Тилек Байырович;
• Мелисбекова Лира Мелисбековна;
•Жаныбекова Мадина Жаныбековна.

Бишкек шаарынын мэриясынын Ардак грамотасы менен шаардык соттун судьялары сыйланышты:

•Бектемирова Салтанат Кубанычбековна;
• Чериков Нурлан Кийикбекович;
•Абдымомунова Жамиля Канатбековна;
•Динеев Мирад Сагынбекович,
Жана соттордун жардамчылары:
•Калыгулова Мээрим Таалайбековна;
• Каныбеков Изат Каныбекович;
•Рысбекова Айзада Рысбековна.

Бишкек шаарынын мэриясы сот тутумунун кызматкерлерине жогорку профессионалдык деңгээлде мамлекетибизде мыйзамдуулукту жана адилеттикти орнотууну каалайт.