Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыровдун катышуусунда Аялдардын эл аралык күнүнө карата майрамдык иш-чара өттү.

Сүйүктүү айымдарды куттуктап, борбор калаанын мэри аларга ден соолук, бактылуу жана сүйүктүү болушун каалады.

Майрамдык салтанатка 1000ден ашык аялдар – эмгек сиңирген ишмерлер, ардактуу атуулдар, мугалимдер, дарыгерлер, социалдык кызматкерлер, шаардык кызматтардын жетекчилери, баатыр энелер, пенсионерлер, тылда иштегендер жана башкалар катышты.

Чакырылган айымдар филармониянын артисттери, эстрада жылдыздары, симфониялык академиялык оркестрдин өнөрлөрүн тартуулаган “Дактайбыз сени аялзат” аттуу концерттик программага күбө болушту. Кире бериште Бишкек шаарынын мэриясынын үйлөмө аспаптар  оркестри айымдарга майрамдык маанай тартуулады.

Борбор калаанын мэриясы айымдарды келе жаткан майрамы менен куттуктайт. Сиздерге чың ден соолук, жакшы маанай жана бакубатчылык каалайбыз.