Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Ч.Айтматов атындагы кампусунун Искусство факультетинин жыйындар залында борбор калаанын 2022-жылга бюджетинин долбоорун жана 2023-2024-жылдарга болжолун талкуулаган коомдук угуулар болуп өттү.

Угууларга Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Куванычбек Конгантиев төрагалык кылды.

Ошондой эле борбор калаанын үстүбүздөгү жылдагы бюджетин угууга борбор калаанын биринчи вице-мэри Мирлан Байгончоков, Бишкек шаарынын вице-мэрлери, БШКнын депутаттары, муниципалдык администрациялык райондордун башчылары, Бишкек мэриясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери жана шаардыктар катышты.

Борбор калаанын тургундары менен болгон жолугушууда муниципалитеттин өкүлдөрү Бишкек шаарынын 2022-жылга карата бюджети тууралуу айтып беришти.

2022-жылга жергиликтүү бюджет 11,7 миллиард сом деңгээлинде түзүлөт. Жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгү 14,3 пайызга көбөйөт. Мэрия муниципалдык активдерди башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатууну пландаштырууда, анын эсебинен салыктык эмес кирешелерди 2,2 млрд сомго чейин көбөйтүү пландалууда.

Белгиленгендей, Бишкек шаарынын жергиликтүү бюджетинин долбоору тең салмактуу түзүлүп, шаардын ресурстук бөлүгүнүн потенциалына негизделип, шаардыктардын артыкчылыктуу жана актуалдуу маселелерин чечүүгө багытталган.

Бюджет боюнча маалымат берилгенден кийин угуулар суроо-жооп форматында уланып, шаардыктар шаардын жашоосу: таза суу, канализация, тышкы жарыктандыруу, жол оңдоо, мыйзамсыз курулуштар жана башка көптөгөн суроолорду беришти.