Борбордук  “Ала-Тоо” аянтында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров жана борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыровдун катышуусунда “Нооруз” улуттук жаз майрамын белгилөө аземи болуп өттү.

Борбор калаанын мэриясынын маданият башкармалыгы “Сүйүнчү” радиосу менен биргеликте шаардыктар үчүн кызыктуу концерттик программа жана театралдаштырылган оюн-зоок даярдады.

Шаардыктарды куттуктоо үчүн балдар бий топтору, музыкалык ансамблдер жана кыргыз эстрадасынын жылдыздары да катышты.

Саат 15:00дөн тарта борбордун үч паркында элдик майрамдар өтөт.

“Ынтымак-1” сейил багында бишкектиктерди улуттук тамак-аш, суусундуктар, кийим-кече, көркөм кол өнөрчүлүк көргөзмөсү тосуп алат.

«Ынтымак-2» сейил багында шаардыктар үчүн ар кандай мастер-класстар уюштурулуп, салттуу ырым-жырымдар көрсөтүлүп, чыгармачыл жамааттардын концерти пландалууда.

Ден соолук паркында ар кандай спорттук иш-чаралар пландалууда.

Урматтуу шаардыктар! Борбор калаанын муниципалитети сиздерди Нооруз майрамы менен куттуктап, жакшы маанай каалайт.