Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыровдун тапшырмасы менен бүгүн борбор калаага 800дөн ашык бак-дарак отургузулду.

Чолпонбай Түлөбердиев атындагы сейил багында мэр баштаган Бишкек шаарынын мэриясынын борбордук аппаратынын кызматкерлери тарабынан 100 түп жаш көчөттөр отургузулду: 50 катальпа көчөттөрү жана 50 каштан көчөттөрү.

Ал арада Кыргыз-Орус өнүктүрүү фондунун жана «Финка Банк» ЖАКтын кызматкерлери Эркиндик бульварына 130 түп кайың, клен жана катальпа көчөттөрүн отургузушту.

Октябрь районунун парктарында да 200гө жакын жаңы көчөт пайда болду, аларды Бишкек шаардык кеңеши, «Бишкекбашкыархитектура» мамлекеттик мекемесинин жана Борбордук шайлоо комиссиясынын кызматкерлери тарабынан
Токтоналиев көчөсүнө Башкы прокуратура тарабына 63 түп кайың отургузулду.

Кошумчалай кетсек, учурда Ак-Өргө конушунда 200 түп ясень көчөттөрү өсүп жатат.

Абдрахманов көчөсүнө Токтогул көчөсүнөн Москва көчөсүнө чейин 25 түп жаш катальпа отургузулду.

Борбор калааны жашылдандыруу улантылууда.

Белгилей кетсек, бак-дарактарды отургузуу улуттук “Жашыл Мурас” акциясынын алкагында жүргүзүлүүдө.