29-апрелде Ала-Тоо аянтында Бишкек шаарынын 144 жылдыгына арналган масштабдуу салтанат болуп өттү.

Шаардыктарды жана борбор калаанын конокторун Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров жана Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Куванычбек Конгантиев куттукташты.

"Урматтуу борбор шаарыбыздын жашоочулары!
Кадырлуу коноктор!
Сиздерди шаардын Күнү менен чын жүрөктөн куттуктаймын!!
Бишкек шаары  144 жашка толуп олтурат. Шаарыбыз – чокусун ак мөңгү баскан улуу тоолордун этегинде  жайгашкан, жапжашыл бак-дарактарга курчалган эң сонун шаар. Кыргызстан калкынын 20 пайызынан ашкан эли мына ушул борборубуз болгон Бишкекте жашап, Кыргызстаныбыздын илим-билиминин,  маданиятынын, экономикасынын  негизги флагманы катары күн кечирип жатышканын баса белгилегим келет.

Бишкекте иштерман, мээнеткеч эл жашайт. Алардын эмгекчилдиги жана эркин ойлоп, замандын шары менен тең жарышкан жашоо агымы өзгөчө жылуу маанай жаратып, кыргыз борборунун кайталангыс мүнөзүн жаратууда. Бишкек шаарынын элибизди өз мээримине, сулуулугуна, тазалыгы менен жылуу кучагына тарткан  жагымдуу жүзү болушу керек. Ага жетишүү үчүн мэриянын, депутаттардын жана  шаардын карапайым жашоочуларынын жигердүү биргелешкен аракети зарыл.

Эгерде ар бир шаардык тазалык, тартип үчүн камкордук көрсө, алар өздөрү адептүү жана маданияттуу болушса, анда Бишкек сөзсүз таза, көрктүү жана сыймыктуу шаар болооруна мен сиздерди ишендирип кете алам.

Бишкек шаары өлкөнүн экономикалык, транспорттук, илимий жана маданий борбору катары жаңы рынок шартында,  өзгөрүүлөрдүн толкунунда өз жолун оңой эмес шартта  басып келүүдө.  Шаар жакшырууда жана жаңыланууда. Көптөгөн жаңы имараттар курулуп, заманбап инфраструктуралык объектилер пайда болууда, соода жана тейлөө чөйрөсү кулачын жаюуда, жолдор жапырт оңдолууда. Жылдык кирешебиз жылдагыдан кеңейүүдө.

Бул албетте бизге алдыда жасай турган шаардын архитектурасын кескин жакшыртуу, транспорт тыгындарын азайтуу, жол тармактары  кеңейтүү,  айлана чөйрөнү таза сактоо, шаар тургундарынын жана меймандарынын керектөөсүн жана каалоосун жүзөгө ашыруу сыяктуу пландарыбызга чоң мотив берет.

Учурда Президентибиздин тапшырмасы менен аткарыла турган 15 мектеп, бир бала бакчаны куруу иштери, ирээтсиз курулган курулуштарды жөнгө салуу аракетери кызуу жүрүп жатат.

Шаардыктардын талабына, табитине дал келген ыйңгайлуу жана жайлуу автобустарды алып келүүнү жыл аягына чейин жолго коюу алдында турабыз.  

Чүй – Бейшеналиева жана Чүй – Шопоков көчө тилкелеринде жер алдынан өткөрмө  жолдорун  Кудай буйруса  жакынкы убактарда ишке ашырабыз.

Тыгындар маселесин чечүүдө Темир жолду жана өндүрүш тармагын шаар сыртына чыгаруу маселесин да карап жатабыз. Сиздердин жана конокторубуздун жайлуу, жакшы маанайда эс алуусу үчүн болгон камкордуктарыбыз унутта калган жок. Панфилов паркы, Эркиндик бульвары, Жаш Гвардия бульвары,  Ататүрк паркы жана Ботаникалык бакчаларынын эс алуу шарттарын жакшыртуудан тышкары, “Ала-Арча”, “Аламедин” жана  БЧК каналдарынын айланасын эс ал уу жайларына айлантып, кичи парктарды, оюн-зоок борборлорду, вело жолдор курсак деген максаттарыбыз бар.

Сиздердин жана биздин биргелешкен аракет менен сүйүктүү Бишкек шаарыбызды күнөстүү, дүйнө эли суктанган шаарга, жашоого жайлуу, балдардын күлкүсү жаңырган  бейпил үйгө айландыра аларыбызга ишенем.

Урматтуу борбор шаарыбыздын жашоочулары!

Сиздерди дагы бир жолу шаарыбыздын 144 жылдык мааракеси менен чын дилимден куттуктайм. Сиздерге бакыт-таалай, бекем ден соолук, жарык маанай, бакубатчылык жана ийгилик каалайм!

Жашасын Кыргызстаныбыз, жашасын борбор калаабыз!", - деп куттуктады мэр.

Майрам «Марал» радиосу даярдаган концерттик программа менен башталды. Эстафетаны «Статус» шоу-балети алып, андан соң шаардыктарга улуттук сахнанын бий топтору жана артисттери өз өнөрлөрүн тартуулашты.

Ошондой эле төрт райондо тең майрамдык салтанаттар өткөрүлдү.