9-майда Бишкекте Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 77 жылдыгына карата жыйын-реквием өттү.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Талант Мамытов, борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыров, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери, жесирлер, тыл эмгекчилери жана шаар тургундары катышты.

Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин Бишкек гарнизонунун, Чек ара кызматынын өздүк курамы, ошондой эле Аскер институтунун, Дайыр Асанов атындагы Аскер лицейинин жана ИИМдин Академиясынын курсанттары салтанаттуу марштан өтүштү.

Митинг-реквиемдин катышуучулары Өчпөс отко гүл коюп, курман болгондорду бир мүнөттүк унчукпай туруу менен эскеришти.

Борбор калаанын муниципалитети да ардагерлер үчүн жоокерлердин боткосу менен талаа ашканасын уюштурду.

Борбор калаанын мэриясы шаардыктарды  Жеңиш күнү менен куттуктап, тынчтык, боорукердик жана бакубатчылык каалайт.